Разработка урока по ПДД Светофор деген эмне?


Сабактын темасы: Светофор деген эмне?
Сабактын максаты: Светофор жөнүндө кеңири түшүнүк берүү
Анын турмуштагы ролу жана мааниси. Жол транспорт көзөмөлдөөчү кызматкерлер жана алардын аткарган иштеринин мааниси.
Сабактын жабдылышы: светофордун ар кандай абалдагы сүрөттөрү, ылайыктуу ырлар
Сабактын жүрүшү: Светофор деен эмне? деген суроо менен сабак башталып, окуучулардын алгачкы түшүнүктөрүн аныктоо.
Мурунку сабакта биз сабагыбызды «Көчөдөн өтүп жатканда светофорго көңүл бур!» деген сүйлөм менен аяктаганбыз.
А СВЕТОФОР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Жол үстүндө үч кабат,
Илинген нурду карагын.
Светофор деп коет,
Эсиңе ал өчүп жанарын!
Жанашкан үч көзү бар,
Жакшылап айткан сөзү бар.
Кызыл сары жашылда,
Жардамчынын өзү бар.
Көрдүңбү күйдү кызылы,
Көбүнүн арбын кызылы,
Кишилер өтпөй турсун деп,
Чийилген жолдо сызыгы.
Кызылы өчпөй баспагын,
Шашпастан аны тактагын.
Сарысы күйүп турганда,
Сен эч жакка шашпагын.
Жашылы күйүп жанганда,
Жарашпайт карап калганга.
Бат баттан басып өтүп кет,
Жол берип жатат басканга.
Светофордон башка жол транспортун көзөмөлдөө кызматкерлери да бизге жардам беришет.
Так көчөнүн ортосунда
Турса эгер кызматкер.
Жүргүнчүнү жолго салат,
Тил алышат бардык эл.
Ышкырып эле токтотот,
Эрежени сактабасаң эгер сен.
Кызматкердин колундагы
Ала —була таякчасы.
Жол кыймылын башкарат
Сыйкырдуудай карачы.
Эгер менин далым салып,
Же турганда бетме – бет.
Анда досум ойлонбостон,
Светофордун кызыл көзүн элестет.
Колум сунуп, турсам тосуп,
Анда дагы күтүү керек.
Ала-була таякчамды,
Тик жогору көтөргөндө,
Даярданып тургун анда,
Жолдон өтүп кетүүгө.
Капталымды салып сага,
Турсам колум түшүрүп.
Же: Өткүн!- деп көрсөтсөм,
Таякчам менен белгилеп,
Анда досум өтө бергин
Жашыл жарык күйдү деп.
Сабакты жыйынтыктоо:
Светофор деген эмне?
Жол транспортун көзөмөлдөө кызматкерлери эмне кызмат кылышат жана алардын бизге эмне кереги бар?
Светофор жок жерлерде кантип жолдон өтүүгө болот жана кимдер жардам бере алат?