Презентация на тему Бишкек шаарынын экологиялык абалы


Бишкек шаарынын экологиялык абалы(катуу таштандылар) Бишкек шаарынын азыркы абалы СССРдин убагында Бишкек 15 союздук республикалардын ичинен жашылдыгы боюнча Украинанын борбору Киев шаарынан кийинки экинчи орунда турчу.Ошол убакта жашылдыгы боюнча 80-90% болсо, бүгүнкү күндө 28%ти гана түзөт, бул көрсөткүч керектүү нормадан эки эсе аз дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле шаарыбыздын калкынын кайдыгерлик мамилеси шаардын экологиялык абалынын начарлантууда. Жыл сайын шаардын экологиялык абалы курчуп баратат. Кайда баспа таштандыга чалына турган мезгил. Өзгөчө көчөлөрдөгү таштандыны чакаларына салбастан анын айлана-тегерегиндеги таштандынын жатышы шаар тугундары үчүн көнүмүш адаттка айланууда. Таштанды жаткан аянтчадан жагымсыз жыттар жана эпидемиялык оорууларды алып жүрүүчү келемиштер пайда болот. Балким калктын санын өсүшү да таштандынын көбөйүшүнө алып келип жаткандыр. Серепчилердин айтымында 1 млн. калкы бар шаар жыл сайын 400 миң тонна калдык чыгарат. 2009-жылдын 3-декабрында таштандыларды керекке жаратууга арналган тегерек столдо ПРООНдун берген маалыматына таянсак Бишкектен жыл сайын 1,4 млн. метр куб таштанды чыгат. Анын жарымынан көбү катуу таштандыларга кирет. Орто эсеп менен алганда бир шаар тургуну бир күндө 1 кг. таштанды, ал эми бир жылда 150-600 кг. таштанды чыгарат. Бул таштандылардын көбү кагаз, картон, айнек полиэтилен, пластикалык бөтөлкөлөр, тамак-аш калдыктары ж.б. Бул таштандылардын 60-70% кайрадан иштетилүүгө жарайт. Агрегаттык абалы боюнча таштандылар үчкө бөлүнөт: КатууСуюкГаз түрүндө Жаратылышка жана адамдын жашоосуна таасирин тийгизген таштандылар Күйүүчү таштандыларӨзү күйгөн таштандыларЖарылуучу таштандыларРеактивдүү таштандыларКоррозиондук таштандыларКоркунуч туудурган таштандыларОоруну чалдыктыруучу таштандылар Кыргызстанда таштанды төгүлүүчү полигон Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндө Ала-Арча дарыясынан 200 м, суу сактагычтан 800 м алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 24 га түзөт. Полигонго күн сайын 1 миң тоннага чейинки калдыктарды 200дөй таштанды ташуучу машина алып келет. Бишкек шаарынын экологиялык абалын оңдоо максатында Бишкекте “Тазалык” муни-ципиалдык кызматы ишке киришкен. Ал 2008-жылдын 1-августунда уюшулган. 2008-жылдын 1-ноябрынан тартып “Мээнет-Сервис” коммуналдык ишканасы менен бирдикте шаардын тазалыгын камсыздоо боюнча иш алып барышат. Жалпы ишканада 1070 адам эмгектенет. “Тазалык” муниципалдык ишкананын башчысы Надырбек Бекжановдун айтымында, “Шаардагы калктын санынын өсүшү таштандынын да көбөйүүсүнө алып келүүдө. Полигондун аянты таштандыга жыш толгон. Анын үстүнө таштандылар сорттолбой алынып келип жатат. Бүгункү күндө 2 гана бульдозер менен 4 трактор иштейт. Полигон башында 15 жылга гана таштанды кабыл алат деп чечилсе, азыркы тапта полигонго 30 жыл болду” дейт башчы. Таштанды төгүлүүчү жайдын эле жанында катар үйлөр салынган. Таштандылар жер кыртышынын үстүнкү катмарын булгабастан, төгүлгөн аянтча-нын айлана-тегерегин жана абасын булгайт. Таштанды аянты жүздөгөн куштардын, кемирүүчү жандыктардын жана чымын-чиркейлердин уюгу. Бул жандыктар жугуштуу илдетти жайылтуучулар. Эксперттердин айтымында, полигондогу таштандыда метандын көбөйүүсү байка-лып, андан улам таштандылар өрттөнүүдө. Таштандылар өрттөнгөндө абага зыяндуу диоксин деген химиялык бирикме пайда болот. Окмуштуулардын айтымында, доиксин клеткалардын мутацияланышына жана рак ооруларына алып келери аныкталган. Ал эми пластмасса буюмдар өрттөл-гөндө абага адамдын ден соолугуна коркунучтуу кадмий металы таралат. Таштандылардын жаратылышта сакталуу убактысы 1. Бир жылда бир жашоочу 150 дөн 600кг таштанды таштайт.2. Таштандылардын сакталуусу: 1. Кагаз 2 ден 10 жыл; 2. Консер.банкасы 90 жыл; 3. Сигареттин фильтри 100 жылга чейин; 4. Полиэтилен пакетине 200 жыл; 5. Пластмассага 500 жыл; 6. Айнекке 1000 жыл. Ыргытуунун ордуна иштетсе болот Шаарыбыздын тазалыгы биздин колубузда Ойлон! Токтот! Менин шаарым-менин жашоом!