Работа со слабо успевающими учащимися по географии


География сабагында начар өздөштүргөн окуучулар иштөө
Начар окуган окуучуларга мүнөздөмө; Окуучунун өткөн окуу жылындагы билим, билгич, көндүмдөрүнүн жетишсиздиги, өз алдынча иштөө көндүмүнүн жоктугу, өз оюн айтып жеткире албагандыгы, үй тапшырманы системалуу аткарбайт, атлас, контур карта менен иштей албайт, билиминде кемчиликтер байкалат.
Максаты; Тандалган окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окутуунун денгээлин жогорулатуу, билиминдеги кемчиликтерди жоюу жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу, атлас контур карта менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.
География сабагында начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөдө төмөнкү сунуштарга токтолом;
Окуучулардын билим денгээлин аныктоо максатында окуу жылынын башталышында диагностика жүргүзүү
Баалоонун обьективдүү болушу үчүн сабакты суроонун ар түрдүү формаларын (оозэки, жазуу, жекече) колдонуу
Окуучунун баасына комментарий берүү (окуучунун кийинки сабактарда ката кетирбеш үчүн жетишпеген жагын белгилөө)
Окуучулардын жазуу иштеринде кетирген кемчиликтерин жоюу максатында катанын үстүндө иштөө
Окуучуларды сурамжылоодо жооптун жакындаштырылган планын берип, планды пайдаланууга уруксат берүү керек, даярданууга көбүрөөк убакыт берип, көрсөтмө куралдарды пайдаланууга уруксат берүү керек
Окуучу кандайдыр бир себеп менен сабакка катышпай калганда өтүлгөн темаларды өздөштүрүү үчүн мезгил мезгил менен текшерүү
Сурамжылоонун жүрүшүндө жана анын жыйынтыгын анализдөөдө жагымдуу маанай түзүүгө аракет кылуу
Жаңы материалды өздөштүрүү процессинде начар өздөштүргөн окуучулардын көңүлүн теманын татаал жана негизги бөлүгүнө буруу керек Окуу материалын түшүнүп жатканын билүү үчүн бат-бат суроо менен кайрылып туруу зарыл
Тажрыйба көрсөтүүдө же слайд, видео сабактарды көрсөтүүдө жардамчы катары сабакка аралаштырууга болот
окуучунун сабак учурундагы начар жүрүм-туруму үчүн баасын төмөндөтпөөсү керек, мындай учурда башка чара колдонуусу керек
География сабагында начар окуган окуучулар менен иштөөдө жекече багыт берүүчү ыкманы колдоном. Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар дароо эле чоң көлөмдөгү жаңы материалды өздөштүрө албайт жана бир учурда мурда өтүлгөн тема менен жаны теманы кабыл албайт. Ошондуктан каалоочулар үчүн кошумча сабактарды уюштурам. Ар бир бөлүмдүн аягында билим, билгич, көндүмдөрүн текшерүү максатында практикалык иштерди өткөрөм. Жалпы географиялык түшүнүктөрдү жана өз ара байланыштардын себептерин окуучуларга жаттап ала турган даяр аныктама түрүндө эмес, практикалык иштерде, чакан экскурсияларда өздөрү жүргүзгөн байкоолорунан жыйынтык чыгарууга үйрөтөм. Окуучулардын билим деңгээлиндеги кемчиликтерди жоюуда бардык окуучуларга сабактагы түшүнбөгөн суроолор, тапшырмалар үчүн дароо тартынбай кайрылуусун талап кылам. Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар көбүнчө оюн сабактарга кызыгышат. Мындай сабактар окуучулардын теманы аң сезимдүү кабыл алышына жардам берет. Үй тапшырмасын аткаруунун тартиби жөнүндө толук инструкция берилип, зарыл болгон учурда консультациялык карточкалар берилет. Үй тапшырмасынын жүктөмү ашыкча болбош үчүн, тапшырманын көлөмү эсептелиши керек.
6-класстар менен иштөөнүн план-графиги
Тема Уюштуруунун
формасы мөөнөтү
1 Жердин шар формасында экендигин далилдөө деңгээл боюнча карточкалар, карта менен иштөө сентябрь
2 План жана карта компас менен иштөө ребустар октябрь
3 Литосфера. Вулкандар, гейзерлер Атлас менен иштөө ноябрь
4 Тоолор, түздүктөр денгээл боюнча тапшырмалар, географиялык координаталарды табуу декабрь
5 Атмосфера Аба ырайына байкоо жүргүзүү январь
6 Гидросфера Жекече чыгармачыл тапшырмалар февраль
7 Биосфера кроссворд. Карта менен иштөө март
8 Географиялык кабык География жумалыгы апрель
9 Жер шаарынын калкы, расалардын теңдиги деңгээл боюнча тесттер, чыгармачыл тапшырмалар май
География сабагында начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн планы
Өтүлүүчү иш чара мөөнөтү
1 Өткөн окуу жылынын окуу материалынын негизги бөлүмдөрү боюнча окуучулардын билим денгээлин текшерүү сентябрь
2 Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын себебин аныктоо максатында класс жетекчи, ата энеси жана окуучунун өзү менен аңгемелешүү октябрь
3 Текшерүү учурунда аныкталган билиминдеги кемчиликтерди жоюу, кайталап билим денгээлин текшерүү окуу жылы ичинде
4 Сабакта өз алдынча ишти уюштурууда дифференциялык ыкманы пайдалануу менен мүмкүн болгон айрым милдеттерди начар өздөштүргөн окуучуларга милдеттендирүү жана аны сабактын планына белгилөө окуу жылы ичинде
5 Начар өздөштүргөн окуучулардын дептери, күндөлүктөрү менен иштөө окуу жылы ичинде
6 Денгээл боюнча билимин текшерүү окуу жылы ичинде
7 Мектеп ичинде өтүлгөн ар кандай иш чараларга катыштыруу окуу жылы ичинде
8 окуучунун теманы өздөштүрүүдө кездешкен кыйынчылыктарын билип убагында консультация берүү. Класста ийгиликтүү кырдаал түзүү 9 класс жетекчиге жана ата энеге окуучунун сабактардагы жетишпегендиги жөнүндө убагында билдирүү (эгерде бир сабактан 3 же андан көп «2» болсо) окуу жылы ичинде
10 начар окуган окуучулар менен жекече, кошумча сабактарды өтүү. Балдарга өз алдынча иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү окуу жылы ичинде
Билим деңгээлин аныктоочу диагностикалык иш май
11 Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен жыл ичиндеги иш алып баруунун жыйынтыгы окуу жылынын аягында
Начар өздөштүргөн окуучу менен жекече иштөөнүн планы
Мугалимдин аты жөнү -------------------------------------------
Окуучунун аты жөнү, классы
___________________________ ________
___________________________ ________
___________________________ ________
Предмети; география
Окуучунун билиминдеги кемчиликтер;
План жана карта
План түзүүнүн жолдорун билбейт, масштабын көрсөтө албайт, өз алдынча иштөө көндүмдөрү калыптанган эмес.
Географиялык карта
Жердин планы менен географиялык картанын айырмасын, окшоштугун, турмуштагы маанисин түшүнбөйт. Географиялык координаталарды аныктоода контур картага белгилөөдө кыйналат