Бактылуу айым — менин апам!


Кымбаттуу апалар, эжелер жана кыздар!Сиздерди алдыңыздарда келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз! 8-март майрамына карата класстагы кыздар арасында «Бактылуу айым- менин апам!» конкурсун баштайбыз. Бүгүнкү биздин бактылуу айымдарыбыз: Дуйшеева Сумая Каныбекова Фатиха Капарбекова Айназик Кенешова Амина Курманбекова Амина Рахимова Медина Сураналиева Алина Суюнбекова Аэлита Конкурста: Апамбы же менби?Күлчү кыз Чачылган шуру Апам сүйгөн гүл Мастер класс Апамбы же менби?Апа менен кыздын ою туура келеби? Суроолордун жардамы менен биз буга күбө болобуз. Бул оюнда апасы менен кызы катарга олтурушат. Көздөрү таңылуу. Ар бир түгөйгө ар башка 8 суроо берилет. Алар карточканы көтөрүп жооп беришет. Күлчү кызАралашылган гречка, буурчак жана күрүчтү 1 минутада бөлүп чыгуу керек. Ким биринчи бүтсө жеңүүчү болот. Чачылган шуру Тарелкадагы шуруларды жипке тизип, өткөзүү. Ким тез бүтсө, ошол утат. Апам сүйгөн гүл Мен бактылуу айыммын! Мастер классКыздарды келечекке даярдоо, аларды кийин турмушунда керек болуучу нерселерди жасай алууга үйрөтүү, албетте, апалардан милдети. Демек, бул конкурста, апалар өздөрүнүн кыздары менен өздөрү каалаган нерсени жасап, чеберчилигин көрсөтүшөт. Мастер класс Кыздарга тез бүткөнүнө карай 1 букет, ал эми сапатуу бүткөнүнө 3 букет берилмекчи. Апаларды куттуктоо Ааламга толуп турган,Ардагым болуп турган,Ар дайым коруп турган,Асылым менин апам… Дүйнөгө толуп турган,Дүнүйөм болуп турган,Душмандан коруп турган,Дүңгүрөк менин апам… Деңиздей толуп турган,Деңгээлим болуп турган,Дем берип коруп турган,Демим ал менин апам… Башыма толуп турган,Бакытым болуп турган,Башкадан коруп турган,Бактылуу менин апам…  Жаныма толуп турган,Жалыным болуп турган,Жамандан коруп турган,Жүрөгүм менин апам…  Асыл апам өмүрүмдүн тумары,Бир өзүңсүң ырыскымдын мунары,Сенсиз Апа бир тыйынга арзыбайт! Бул жашоонун мага бир да жыргалы. Мен күлсөм кошо күлүп,ардактап бактын сүйүп.Биз үчүн гана жашап,чонойтун кылып үмүт. Ардагым алтын апам,эмгегин дайым барктайм.Ар күнү ойлономун,Ак сүтүн кантсем актайм.