Тема: Алыкул жана музыка Класстык саат учун
Класстан тышкаркы иш
1.Сабактын темасы:Алыкул жана музыка
2. Сабактын максаты:
1.Билим берүүчүлүк жагы:
А.Осмоновдун ырларын терең түшүнүп, ар бир ырын көркөм айтууга, обондуу ырларын ырдоого көнүгүшөт.
2.Өркүндөтүүчүлүк жагы:
а)А.Осмоновдун чыгармалары аркылуу окуучулар билим деңгээлин көтөрүшөт,окуп-билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт.
б) Акылы менен кабыл алып,кан-жанына сиңирип,ой-идея ойготуп, сүйлөө маданиятын,сөз баркын түшүнүүгө,поэзияга болгон кызыгуусун арттырышат.
3.Тарбия берүүчүлүк жагы: а)Ырларды көркөм айтуу менен каармандарга баа бере билүүгө, кыл калемдеринде чагылтып берүүгө үйрөнүшөт.б) Ата Журтту сүйүүгө,мекендин ар намыстуу атуулу болууга, ага жан-дили менен кызмат кылууга,боорукерликке,чечкиндүүлүккө улуттук идеологиянын нугунда тарбияланышат.
3.Сабактын тиби: Текшерүү жана коррекциялоо сабагы.
4.Интерактивдүү ыкма жана окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу.Сынчыл ойломду өнүктүрүү
4.Сабак аралык байланыш: кыргыз тили,адабияты,тарых,
география,музыка,сүрөт,адеп.
5.Сабактын жабдылышы: Окуу китептери. Чыгармалар жыйнагы I-II-том “Алыкулга таазим”, “Мезгил жана Алыкул” автору Турусбеков Жекшенбек. “ Алыкулга гүлдесте” Ж. Тынымсеитова. Алыкул Осмонов “Балдарга”, “Аккан суу” ыр китептери П. Казыбаев. Акындын 100 жылдыгына карата даярдалган буклеттер,акындын портрети “Алыкул жана музыка” деген тема жазылган “Тил кербени”, “Кеп куржун”“Ак кайың” (колдон жасалган, мугалимдин чыгармачылыгы боюнча). “Күтүү багы”, “Акындын ырлары окуучунун кыл калеминде” деген сүрөт көргөзмөсү. Кыргыз жергесинин пейзажы,Ысык- Көлдүн көрүнүшү тартылган сүрөттөр, ураандар, аудио-видео касета, слайд көрсөтүлөт ж .б.
Ураан №1
“.... Кайткыс жолго кетермин, бирок билем ...
Калган жерим: Сыйлап, мейман этерин ....
№2
Кылымдап кыргызына кымбат акын,
Той дейли 100гө толгон анын жашын.
(Улуу акындын урматына салют атылат.)
№3
Ырында “Уудан кылдат бөлүп балды”
Алыкул поэзиянын Улукманы
Атантай Акбаров
№4
Акынды кылымдарга ырдап кыргыз,
Ак боз ат арыш керет даңканы ыргып
Окуучулар төмөнкүдөй топторго бөлүнүшөт.
1-топ. – Баяндамачылар тобу
2-топ. – Көркөм окуучулар тобу
3-топ - Аткаруучулар тобу
4-топ. – Вокал тобу
5-топ. - Сүрөтчүлөр тобу
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу маанай түзүү.
Арыбагыла,балдарым,сабакка даярсыңарбы?
1.Киришүү. Аудио-видео касетадан “Комуз” күүсү жаңырып, акындын “Комуз” деген ыры көрктүү айтылат.
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз
Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөпжөнөкөй,
Бирок да өнөрү айтып болгус.
Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй, .
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй,
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.
А.Осмонов.
5-класстын окуучусу Замирбек кызы Асел А.Огомбаевдин “Маш ботой”деген күүсүн аткарып берет.
Мугалимдин сөзү: “Алыкул Осмоновго арналган ар бир сабак-бөлөкчө,чыныгы поэзиянын сабагы болууга тийиш.Ал сабактар ыр менен башталып,ыр менен бүтүүнү талап кылат”.(Бектурсун Алымов)
Себеби ,Алыкулду ырсыз элестетүүгө мүмкүн эмес.Анткени анын жеке турмушу да,тагдыры да ырга байланышып,бүт өмүрү рга айланган.Ал адамдык -инсандын касиет-сапатын өзүнүн ыры аркылуу баалап,өз бактысын да ырларынан издейт.
Улуу акын кудуретиңе тете болгон
Ырларды жаза коюш келбес колдон
Күн-түндөп жүрөгүмдө мен өстүрүп,
Гүлдестем ушул сабак сизге койгон.
Алыкул адабият майданын ашкан дабан
Баш ийип ырларыңа таазим кылам.
Адамдын асыл заты болуп кеткен
Тагдырдын мунусуна шүгүр кылам
Кээде өзүмчө кейиш тартып кайгырам
Тагдыр салган жалгыздыкты жай кылам.
Улана албай учугуна ойлордун
Угуттанам улуулардын айлынан
Суу ичкендей барып булак көзүнөн
Алыкулдун дүйнөсүнө кайрылам.”
Бүгүнкү сабак А.Осмоновдун 100 жылдыгына арналмакчы.
Сабактын темасы:“Алыкул жана музыка”
Алыкул деп,Алыкул атын салт кылган бар,
Не билет ал жөнүндө жаш муундар
Суусаган таттуу лира ширесине
Умсуна тамшанышат окурмандар
Саламдашуу ыр менен.
1-окуучу: Салам айтпай иш баштаба.
2-окуучу: Адеп башаты- саламдашуу.
3-окуучу: Саламдашуу- тирүүлүктүн символу.
Чогуу: Саламатсыздарбы?
Оксана: Салам дештин кыргызча мааниси бар.
Саламдашуу жөн эле эмес мааниси бар.
Ар адамга биринчи тынчтык каалап,
Жай сурашып, андан соң таанышуу бар.
Мөлдүр: Эли журтум, баарыңарга салам болсун.
Кыргызымдын учу-кыйыры аман болсун.
Эл ичинде таланттуулар өнүп-өсүп
Жергемде бейпилчилик заман болсун!
Айзада: Оо, кутман эл сурашалы амандык
Бир бололу, алыс болсун жамандык
Бүгүнкүдөй майрам болгон күндөрдө,
Биз сиздерге жакшылыкты кааладык !
Кел даңктайлы, Алыкулду,акынды
Биздин колдо Алыкулдун эртеңи
Салам айткан сиздерге таланттуу окуучулардын тобу.
2.Мугалим:Бул дүйнөдө узак жашай албады,
Заңгыратып бийик үй да салбады.
Таң атканча кирпик какпай отуруп,
Бүт өмүрүн ыр сабына арнады.
Отуз беш жыл кан түкүрүп, күрүлдөп,
Ооруса да талбай эмгек жасады.
Ички сырын толук жазып бүтө албай,
Өмүрүнүн жазын гана жашады. (А.Исмаилов)
“Манас жана Алыкул”
Айзада:Зор “Манас”көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң беле.
Мугалим: Манас атам жердеген,
Кооз болгон Таласты.
Биздин балдар айтышат,
Жомок кылып Манасты
“Манас” эпосунан үзүндү айтышат.
Марат уулу Бексултан “Манастын бала чагы”
Абдымомунов Кайрат “Каныкейдин Тайторуну чабышы”
А) Баяндамачылар тобу:
Оксана: Биз кыргыз жергесин Ала-Тоосуз элестете албагандай эле, кыргыз адабиятын Алыкулсуз элестетүү мүмкүн эмес деп ойлойм.Кыргыз поэзиясы Алыкулсуз тузу жок аштай. Анткени анын чыгармаларынын кыргыз адабиятында ээлеген бийик орду,бийик аброю бар. Аз болсо да саз жашаган өмүрүндө Алыкул акын өлбөс-өчпөс чыгармаларын жаратып кетти. Акындын ар бир ыр сабында кыргызды кыргыз кылган адамдык сапаттар, жаратылыштын жакшынакай жаркын жактары, элибиздин эмгекчилдиги камтылган. Ошондой эле жарыкчылыкта аз жашаган акындын адам баласынын жан-дүйнөсүн, акыл-сезимин, сүйүүсүн,кубанычын, кайгы-күйүтүн, өмүрү менен өлүмүн узак жашаган улуу адамдай укмуштуудай тактык менен айтып, “бир мертебе да калп айтпаган ыр саптарына сыйдырганы таң калтырат”. Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Ал өзүн “Мен кыргыздын акынымын”-деп сыймыктануу менен айта алган.
Мен кыргыздын акыны
Жанат: Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды
Ушакчыдан не кылам деп сурасам
Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды
Сатам! Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Чайга салып жутар кезде
Заар тилин куйкалоочу
Мен кыргыздын акыны!
Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды
Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымды?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңүлүн куйкалоочу
Мен кыргыздын акыны
Айзада: Нооруз дегенде эле дароо Алыкул эске түшөт. Бул ыйык күнү ал жарык дүйнөгө келген. Жаңыланган жаңы жыл майрамы бардыгы үчүн кандай ыйык болсо,атактуу Акындын туулган күнү. Алыкулдун поэзиясынын күйөрмандары үчүн да ошондой эле ыйык. Бир четинен улустун улуу күнү улуу акынды жарык дүйнөгө алып келгени менен да жагымдуу. Айтор, бул күн көпчүлүк үчүн кош майрам. Нооруз менен Алыкул акындын майрамы...
“Ак Бугу” күүсүнүн коштоосу менен акынга арналган ырларкөрктүү айтылат.
Б) Көркөм окуучулардын тобу:
Алыкулга
Мөлдүр: Оо, Алыкул
Өзүң ичкен тунук лира булагын
Чаңкап келип, мен жута албай турамын.
Тирүү болсоң, жалгыз ичпей бөлүшчү,
Деген бир сөз менин болмок сураарым
Сен бермексиң, берериңе ишенем,
Мүрөк суусун элге деген киши элең
Кыйын күндө Ата Журттун иши үчүн
Кызмат кылдың, турган бойдон тикеңден
Ажал таш боор, ага жетсин убалың
Азыр менин сенден өттү курагым
Өлөөр алда өзүң жазган ыр үчүн
Тизе бүгүп, дайым кулдук урамын.
Жалил Садыков.
Кыргыздын каны кургайт уурттабаса.
Курманжан: Тургузуш үчүн ырдын мунарасын
Кыштарын көлгө жууруп куйган экен
Акындын маңдайына жазылганын,
Сабынан ырларынан туйдук бекен?
Акындын өмүрү өрнөк билген жанга
Кур калар ырларынан ууртабаса,
Мүрөк суу Алыкулдун ырларында,
Кыргыздын каны кургайт уурттабаса
Жекшенбек Турусбеков
Атына арзуу
Жанадил: Алыкул Осмонов уулу ою тунук,
Жүрөктө калат ар бир сөзүң уюп,
Өзүңдү өлбөс кылып кетиптирсиң,
Канаттуу ырларыңдан бир үй куруп.
Окусам ырларыңды Осмон уулу,
Сезимди козгойт ойлор терең, улуу
Мынчалык турмуш татаал көп катмарлуу
Мынчалык дүйнө таш боор, дүйнө сулуу.
Салия Жусубалиева.
Из калтырып кылымга
Нуркыз: Оо, акыным сен жашадың аз гана,
Оору болуп жүрө албадың шаттана
Ыр куржунун мойнуңузга көтөрүп,
Жашап өттүң из калтырып кылымга
Айлың турат арасында үйүң жок,
Элиң аман эл ичинде өзүң жок
Ырың турат жүрөктөрдү толкуткан
Аттиң арман тукум улар туяк жок.
Балким артта туягыңыз болгондо,
Талантыңыз алар жакка оогондо,
Мындан дагы дүңгүрөмөк даңкыңыз
Деп айтышмак: Талант өлбөс болгон го.
Дунган кызы Гулира.
Алыкулга гүлдесте
Тунук: Дүйнөдөн ардакташып жаштар өткөн,
Билинбей канчалары калган көптөн
Алыкул ыр кечүүсүн кечип өткөн
Эли үчүн таштап кетти байлык сөздөн
Бүт өмүрүн Ата Журттка арнаган
Окуганда Алыкулдун китебин
Токтоно албай өзүмдү араң кармагам
Көлдөн соккон сыдырым жел илебин
Алыкул жок арабызда капамын
Ырын окуп кээде ойго батамын
Аттиң ай,жаштайынан сапар тартып,
Кайрылбай жер алдында калдың жатып.
Даражан Сыдыгалиева.
Ата Журт
Оо,Алыкул ыр арнапсың туптунук,
Ошол ырдын катарына умтулуп,
Канча адамдар канат күүлөп келебиз,
Караандатпайт өзүң жазган “Ата Журт”
Оо,Алыкул,кетиптирсиң ыр сунуп,
Бүт ырлардан алга чыккан суурулуп
Туурап жаздым,улап жаздым өзүңдү,
Угуп көрчү,асыл ага,Ата ЖуртГүлсайра Момунова
Алыкул поэзиянын Гагарини
Ырында “уудан кылдат бөлүп балды” Өмүрүн бүтүн бойдон ырга берген,
Нан,суудан өйдө коюп музыканы, Космостук бийиктикке кадам керген.
Бүт дартын өзүнө алган Ата-Журттун Алыкул поэзиянын Гагарини,
Алыкул поэзиянын Улукманы Таланты жердин тартуу күчүн жеңген.
Атантай Акбаров
Алыкулга
Ырда таскак салганыңды байкадым
Детдом эле бир убакта мекениң
Туйлаткансың тунук,таза жүрөгүң
Туудай сезип, Ала Тоонун жекенин
Бүт кайгысын элдин алып өзүңө
Элге кайта шаттык кылып берүүгө
Даяр эле кайран биздин чоң акын
Эл-журтуна күндөй нурду себүүгөРамис Рыскулов
Мугалим:Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия Совет өлкөсүн басып кирген.Өлкөбүздүн көз каранды эместиги үчүн улуу Ата Мекендик согуш башталды.Кыргызстандын акын-жазуучулары да калемин согуш темасына буруп,алааматтуу согуш темасын чагылдырган чыгармаларды жаратышты.
-Кана,балдар, акындын 5-6-класста өтүлгөн Ата Мекендик согуш темасында жазган кайсы чыгармаларын билесиңер?
Аксана: Атасын көрбөй калган ымыркайдын бардык балалык кыялы”Атакем аман келсе экен” деген тилекте жашаган.акындын “Бүкөн”жана1942-жылдын жаз айы эмнеге кечигет деп ой толгоп,көрсө душмандын огунан жараланып,биздин колдон айыга турган “Неге кечигет”деген ырларын билебиз.
Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө жазылган “Өлгөн жоксуңар”деген ырын Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арнап айтып берейин.
Кайрат: Кечээ жаштык түтүн эле жана элек
Жүзүм эле тамчы суусу тама элек
Тагдыр кошуп жолдош кылган турмушка
Тамашалуу бир топ,бир топ бала элек
Бир топ бала сен гана да,мен гана?..
Көп азайдык,жалган айтып не керек.
Көп азайдык күн батышта жоо жеңдик,
Жеңиш үчүн тобокел деп жан бердик.
Жылуу үйгө,жумшак сыйлуу төшөккө
Бир кайрылып,канат серпип келбедик
Бакыт үчүн муздак жерди кучактап,
Өмүрлүккө чоочун жерди жердедик.
Кыргыз акындары Алыкул жөнүндө.
Биз, акындар, колдун болсок оң, солу,
Анда Алыкул ал колдордун ортону.
Биз, акындар, жылдыз болсок көктөгү,
Анда Алыкул жылдыздардын чолпону.Байдылда Сарногоев
Алп экен го таланттуу акын Осмонов,
Түпкүрдөгү ойлоруңду козголоп,
Азыр ачсаң барактарын кээ күндө,
Көл шарпылдап аны менен тең үндө,
Жүргөн окшойт толкундарын тосмолоп...
Сүйүнбай Эралиев
... Талантты башкара билүүнүн өзү да искусство, ал ар кимдин эле колунан келе бербейт. АЛЫКУЛ өмүрүнүн акыркы сегиз жылында искусствону элей баштаган эле.
Аалы Токомбаев
Койчу, досум, мени акын дебечи,
Мени акындын улпагына теңечи.
Кыргызымда кандай сонун акын бар,
Десең келет Алыкулдун элеси.
Насирдин Байтемиров
...Эң болбогондо элүүгө чыксачы, дагы далай, укмуштуу, күчтүү, ойго толо ырларды жазбайт беле!
Темиркул Үмөталиев
В) Аткаруучулар тобу:
1. “Ажал менен Алыкул”
Окуучулар “Оорулуу акын” деген ырды көркөм айтышат.
1-окуучу: Оорулуу акын,
Ойго жакын
Ооруп алсыз отурат.
Акын, акын,
Анын баркын-
Өлүм билбей кол сунат.
2-окуучу: Оорулуу акын
Сөздөрү алтын
Алсыз, жалгыз олтурат
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.
Аңгыча күн күркүрөп, чагылган чартылдап, бороон болот. Алыкулдун үйүнүн эшиги кагылат. Бирок акын ага көңүл бөлбөстөн, ыр жазуусун улантат, бир жагынан жөтөлө берет.(музыканын коштоосунда)
Эшикти ачып кара жамынган Ажал кирет. Ажал – Рыскулбекова Айгерим.
Ажал: Кандайсың Алыкул? Алың кандай?
Отурасың жалгыз бир үйдө
Мөгдөтүп балаңды алдым,
Жарыңдан бөлүп жардым.
Өпкөңдүн теңинен көбүн алдым.
Бүгүн болсо өзүңдү алганы келдим.
Ташта, калемиңди, ташта дейм.
Ажал Алыкулга муздак кош чеңгелин сунат.
Алыкул: Берчи калемимди.
Бар бололу, бир бололу курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар
Кош айтышып дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу күндөр бар.
Ажал Алыкулду алып жөнөйт.
Автор: Ыйла, жер, суу, ыйла, ыйла! Төк жашың
Жоктогула Алыкулду бүт баарың.
Айзада: Ошентип, 1950-жылдын 12-декабрында 35 жашында Алыкул бул дүйнөдөн кош айтышып кете берди. Алыкул аз жашады, бирок саз жашады. Ушул аз өмүрүндө бүт кыргыз эли көтөрө алгыс, ыр менен токуп кеткен килеми калды. Алыкул – кыргыз поэзиясынын бүтпөс гимни...
2.”Ийнелик менен кумурска”(Сыймык менен Бексултан)
3. “Балдар менен турналар”(Мустафа менен Наргиза)
4.“Түлкү менен каздар”(Хусейин менен Наргуль)
5. “Бешик ыры”(Сагынова Айдана)
Балдар, биздин сабагыбызга “Тил кербени” катышып жатат.Кеп куржунундагы суроолордон алып жооп берсеңер.
Акындын чыгармачылыгынын феномикасы
Алыкул Осмоновдун ыр жыйнактары жөнүндө эмне билесиң?
Мейличи, мени жаман көргөн бирөөнүн,
Жан алгычы келип жанын сууруп аларда,
Эгер чиркин экөө болсо жүрөгүм,
Берээр элем бирин ошол адамга,
Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура бечара
(Бул саптар кайсы ырга таандык?Улантып айта аласыңарбы?).
Акындын котормолору жөнүндө (Өзүң тааныш болуп окуганың барбы?)
А.Осмоновдун элдик жомок, легендаларга экинчи өмүр берген чыгармалары кайсылар?
Акындын согуш мезгилинде жазган чыгармаларына токтол.
А. Осмоновдун музыкалаштырылган чыгармаларынан сана (Аткарып берсең да болот)
Алыкулдун драмалык чыгармалары кайсылар?
Жооптор алынып,жыйынтыкталат.
Г) Вокал тобу:
“Ата Журтум” Өмүркул кызы Мээрим
“Ата Журт” Уларбек уулу Темирлан
“Ак кайың” Кыздар 5-кл.
“Музыка” 5-6-кл.кыздары
“Фрунзем “ 5-кл. кыздары
“Бирге жүрдүк” Төрөбекова Оксана
“Баатыр эне” Субанбекова Айзада
“Аккан суу” Абдымомунова Айжан
Алыкул жана музыка
Поэзия өтө назик, өтө жаркын, кереметтүү жүрөк сезими. Осмонов кыргыз поэзия дүйнөсүндө болуп көрбөгөндөй бир жаңылык ачып, ал багытта күрдөөлдүү иштеп, поэзиянын каймагын калпып, кандайдыр бир адамга жагымдуу, жалындуу жолун тапты. Поэзия менен музыка дайыма эриш-аркак жашайт. Анткени, музыка да ошондой эле жүрөк сезиминен жаралат. Ошол сезими аркылуу турмуштун тереңинен кирип аны поэзиянын тили менен музыканын ыргагы аркылуу ажайып көркөм дүйнөгө айландыруу ар бир адамдын талантына, шыгына жараша боло турган нерсе.
Акындын ырлары окуучунун кыл калеминде деген сүрөт галериясы
Г) Сүрөтчөлөр тобу
Алыкул жана Айдай
Кыргый мүчө өлөң чачтуу наз селки,
Кулак салып Алыкулдун ырына.
Талантына таамай сындап баа берген
Тең ортоктош оргуштаган ырына
Айдай, Ата Журт, Ата Мекен, Ысык-Көлдүн көрүнүшү,Кыргыз жергесинин пейзаждары,Балдар жана турналар, Канаттуу куштар,Бүкөн,Аккан суу,Ак кайың,Чөп чабык,Кайыңды,Буудай, Китептин тартылган сүрөттөрү илинген
Мугалим:
Акындын ырлары кыргыз журтчулугунун ичинде гана эмес, ай ааламда да көөнөрбөс бойдон, күн сыяктуу жарыгын чачып кылымдардан кылымдарга залкар акын катары таанымал бойдон жашай бермекчи!
Жаштар өсүп жайылса экен кулачы.
Келечекте чыгар жолун улачу.
Таланттууга эч убакта болбойт кеч,
Окуу, окуу тирек болчу күчтүү сөз.
Бул китептер Алыкулдун мурасы.
Алыкулду айтпагыла өлүптүр,
Алп акынды айтпагыла өтүптүр,
Ак боз атка камчы салып зымырап,
Ата Журттун жолун карап,
Жолун чалып кетиптир.
Гүлсайра Момунова.
Эжекебиз айткандай акын дайыма тирүү!
Мугалимдин жыйынтык сөзү:
Олуялыгы,сынчылыгы,эмчилиги менен да элге кеңири белгилүү болгон атактуу куудул Куйручук 1939-жылы жайында борборго келип,жазуучулар менен жолугушуп,сын берген дейт
А сенин балам,жолуңду боз чалып турат, тирүүңдө жакшылык көрбөйсүң,өлгөндөн кийин арбагың чоң болот!-деп А.Осмоновду айткан экен. Мына бүгүн Куйручуктун олуялыгы тастыкталып, 100 жылдыгын бүткүл кыргыз эли, ошолордун ичинде биз да белгилеп жатабыз. Бизге арбагы ыраазы болсун демекчимин. Бүгүнкү сабагыбыз Атабызга белек болсун!
Балдар, бүгүнкү сабакка жакшы катышып бердиңер. Акындын ырларынан көрктүү айттыңар, обондуу ырларынан аткарып бердиңер, бул да болсо жетишкендик деп эсептейм. Өмүрлүү болгула!
Кыйындык болсо жеңели,
Бардыгын окуп билели,
Азыркы сөздүн кезегин ,
Ат арытып,Чүй жергесинен
Биздин касиеттүү Талас жергесине
Кадырлуу конок болуп,чакырылган
Алыкулдун бир тууган жээни, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын
лауреаты Сыдыгалиева Даражан Болотбековнага
Сөз кезегин берели.
Райондук Билим берүү бөлүмүнүн методисти
Кыштообаев Рыскулбек агайыбызга сөздүн кезегин берели.
Сабактын катышуучулары катары менен сөз сүйлөшөт.